1. Кандын ыраңындай түс. Алдыңкы кызыл желектүү машинадагылар тоону жаңыртып ырдашты (Сасыкбаев). 2. тар. Революциялык кыймылга тиешелүү, кеңеш өкмөтүнө, кеңештик түзүлүшкө байланыштуу адамдар (көбүнчө көптүк санда). Кызылдар да карап турбай, душмандын мизин кайтарууга чамдашты (Сасыкбаев). 3. Көбүнчө көгүш түстөгү, ак түс аралаш жылкыга карата айтылат. Бир күнү куландан соо кетип баратып, кызыл ат шылк этип кулап түштү (Элебаев). Кайда чыкса кызылга, Кайкып учуп сабалап, Кайран жору конуптур (Каралаев). 4. өт. Бастырылып, бөлүнүп алынган эгин, таза дан. Кырмандын ортосундагы кызылдын жанында Эркин отурат (Жантөшев). Жутабай карыя кызылдарды желге сапырууда (Баялинов).
КЫЗЫЛ ДӨӨ — мифтик кейипкер. «Буттары бар мунардай, Колдору бар чынардай» жомоктук элдин башчысы (Сагымбай Орозбаков, 3. 13). Көкөтөйдүн ашына кабар берилип, чакырылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 99—100).
Бир аз, анча-мынча кийим-кечелүү болуп, үстү бүтөлүп калуу, оңоло түшүү. Байкем менен жеңемин турмушун көрүп зээним кейийт. Кызыл жабар болушсунчу деп кездеме алып бардым эки-үч курдай (Жапаров).
Бир аз, анча-мынча кийим-кечелүү болуп, үстү бүтөлүп калуу, оңоло түшүү. Байкем менен жеңемин турмушун көрүп зээним кейийт. Кызыл жабар болушсунчу деп кездеме алып бардым эки-үч курдай (Жапаров).
КЫЗЫЛ ЖИЙДЕ — топоним. Кырк чоро биринчи жолу качканда Семетей артынан кууп жетип элдешип, Таласка кайра алып келген жер. Географиялык реалия катары Иленин боюндагы жерлердин бири.
Ырайымсыз, аялга катаал. Кызыл камчы шыпайдар («Семетей» С. К.). – О, кызыл камчы зулум, мен саа аяш белем?! Мындай каардуу кызыл камчыны ким көргөн (Сыдыкбеков). – О кудай урган келесоо, деле камчысынын кызылын кантесиң (Акматов).
Аябай сабоо, уруу, таяктоо. Шадыбек анын колу-бутун таңдырып көйнөкчөн көмөрөсүнөн жаткырып коюп, өзү чарчаганча кызыл камчыга алды (Каимов). Кыз да болсо аябай, Жигиттер, кызыл камчыга алгыла («Олжобай менен Кишимжан»).
Аябай сабоо, уруу, таяктоо. Шадыбек анын колу-бутун таңдырып көйнөкчөн көмөрөсүнөн жаткырып коюп, өзү чарчаганча кызыл камчыга алды (Каимов). Кыз да болсо аябай, Жигиттер, кызыл камчыга алгыла («Олжобай менен Кишимжан»),
1. Куру кыйкырыкты жакшы көргөн, жөнү жок жерден, орунсуз эле бир нерселерди талаша кызууланып сүйлөй берме. Кээ бир кызыл кекиртек адамдар оозуңду ача электе эле айтышууга даяр болуп турат («Ала-Тоо»). Көрчү тигил кызыл кекиртек старчын да байдын таламын талашып, жан-алы калбай жагынып жатат (Абдукаримов). 2. Алдым-жуттум, жегич-ичкич, жеп-ичкенди жакшы көргөн. «Менин чыгармамды жылдырсаң, сеникин учурабыз», – деп ачык соодалашкан кээ бир кызыл кекиртектер чыкты («Кыргызстан маданияты»). 3. Ичип-жей турган тамак-аш деген мааниде. Азыр эл кызыл кекиртектин гана айласын ойлоп калган (Абдукаримов). Кызыл кекиртектин айынан мында келдим (Абдукаримов). Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет (макал).
1. Куру кыйкырыкты жакшы көргөн, жөнү жок жерден, орунсуз эле бир нерселерди талаша кызууланып сүйлөй берме. Кээ бир кызыл кекиртек адамдар оозуңду ача электе эле айтышууга даяр болуп турат («Ала-Тоо»). Көрчү тигил кызыл кекиртек старчын да байдын таламын талашып, жан-алы калбай жагынып жатат (Абдукаримов). 2. Алдым-жуттум, жегич-ичкич, жеп-ичкенди жакшы көргөн. «Менин чыгармамды жылдырсаң, сеникин учурабыз», - деп ачык соодалашкан кээ бир кызыл кекиртектер чыкты («Кыргызстан маданияты»). 3. Ичип-жей турган тамак-аш деген мааниде. Азыр эл кызыл кекиртектин гана айласын ойлоп калган (Абдукаримов). Кызыл кекиртектин айынан мында келдим (Абдукаримов). Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет (макал).
1. Боз үйдүн үзүк, туурдугун сыйыруу, жалгыз кереге-уугу калуу. Тезинен боз үйдү кызыл кереге кылып сыйрып жиберишти (Касымбеков). Ал эми ортодогу алты канат ак үйдү эл кызыл кереге кылып, токсон тогуз курчап турушту (Көчкөнов).
2. Кыргын салуу, үй мүлкүн талоо, талкалоо, эч нерсесин калтырбай олжолоп кетүү. Акарат кылган сасыткылардын өздөрүн жүндөй сабап, айылын кызыл кереге кылып, талап келгиле (Аалы).
1. Боз үйдүн үзүк, туурдугун сыйыруу, жалгыз кереге-уугу калуу. Тезинен боз үйдү кызыл кереге кылып сыйрып жиберишти (Касымбеков). Ал эми ортодогу алты канат ак үйдү эл кызыл кереге кылып, токсон тогуз курчап турушту (Көчкөнов). 2. Кыргын салуу, үй мүлкүн талоо, талкалоо, эч нерсесин калтырбай олжолоп кетүү. Акарат кылган сасыткылардын өздөрүн жүндөй сабап, айылын кызыл кереге кылып, талап келгиле (Токомбаев). В.: Кызыл уук кылуу. – Кана, батаңарды бергиле, мен азыр жигиттеримди баштап, букараны кызыл уук кыламын (Үмөталиев). Жер дүңгүрөткөн күчкө биригип, душманын кызыл уук кылып, катуудан казан калтырбады (Көчкөнов). «Биз кол көтөрбөсөк да, казан-аякты талкалап, үйдү астын-үстүн кылып, кызыл уук кылып кетишти!» деп, улукка чуркурап ыйлап арыздангыла! (Үмөталиев).
эск. Баатырдын, кандын, эл башында турган адамдын үстүнө кызыл кийип, сары менен башын ороосу, согуштун белгиси, жоого аттанып жортуулга чыгуунун белгиси. Кызылды Манас кийиптир – Кыргызга кылар каары бар, Кызылды эндей жамынып, Кылар иши дагы бар. Сарыны башка чалган соң, Бир шумдук кылар чагы бар! Муну айтышып баарысы, Муңайышып калышты («Манас» С. О.). Кызыл кийип үстүнө, сары селде чалынып («Манас» С. О.).
КЫЗЫЛ КИТЕП – өзгөчө коргоо тартибин киргизип, андан ары башын көбөйтүү максатында белгиленген мыйзам тартиби аркылуу бекитилүүчү жоголуп бараткан же жоголуу алдында турган сейрек жаныбарлар тууралуу маалыматтардын жыйындысы.
Сейрек жолугуучу жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн таралуусу, саны, биологиясы жана аларды коргоо чаралары жөнүндө кыскача маалыматтарды камтыган китеп. Кызыл китепке жок болуу алдындагы, азайып бараткан, сейрек кезигүүчү, толук изилденген, калыбына келген жаныбар, өсүмдүктөрдүн түрлөрү катталган.
Соодада өздөрүнүн товарларын башка нерселерге айырбаштоо. Кайта келип акчасын кызыл козуга өткөрөт да, бир жыл ичинде жүз коюн миңге жакын койго айландырат (Убукеев).
Бир нерселерди өз пайдасы үчүн ашык баада сатуучу алып сатар, чайкоочу. Борбордогу кымызга көптөн бери арам акча, оңой олжо тапкан кызыл кулактар ээ болуп келатышат. Ушул унутчаак жеңебиз кызыл кулактын кызы болуп жүрбөсүн (Тойбаев). Кызыл кулак, сүткорго, Пайда чыгар мал жакшы (Жантөшев).
Ашыкча пайда табуу үчүн болгон соодагерчилик, алып сатуучулук. Кызыл кулактыкты Кемин өрөөнү боюнча мындан мыкты билгени жок («Чалкан»). Кызыл кулактык кылбаңыз, жеңе (Тойбаев).
Бир нерселерди өз пайдасы үчүн ашык баада сатуучу алып сатар, чайкоочу. Борбордогу кымызга көптөн бери арам акча, оңой олжо тапкан кызыл кулактар ээ болуп келатышат («Советтик Кыргызстан»). Ушул унутчаак жеңебиз кызыл кулактын кызы болуп жүрбөсүн (Тойбаев). Кызыл кулак, сүткорго, Пайда чыгар мал жакшы (Жантөшев).
Ашыкча пайда табуу үчүн болгон соодагерчилик, алып сатуучулук. Кызыл кулактыкты Кемин өрөөнү боюнча мындан мыкты билгени жок («Чалкан»). Кызыл кулактык кылбаңыз, жеңе (Тойбаев).
Кандуу кагылыш, кан төгүлгөн катуу согуш, уруш. Төрт жыл бою кызыл кыргында жүрүп, алты санынын кыпындай жерин окко чырпытпай, уруш бүткөндө «Даңк» орденинин үчөөн катар тагынып келет (Жигитов). Турдубай мерген Калчаны жетелеп, Мусакожону артка калкалап, кызыл кыргынды окчун саксактоодо (Бейшеналиев). В.: Кызыл кыргын, кара сүргүн. Ушул кызыл кыргын, кара сүргүндөн аман калган бул кишинин колдоочусу бар экен (Акматов). Дүйнөлүк алаамат болуп, өмүр менен өлүм айыгышып жаткан кызыл кыргын, кара сүргүндү аралап өтсөң, бирок өлбөй тирүү чыксаң, анан а киши кантип адалдык менен арамдыкты билбей чыксын (Айтматов).
Кандуу кагылыш, кан төгүлгөн катуу согуш, уруш. Төрт жыл бою кызыл кыргында жүрүп, алты санынын кыпындай жерин окко чырпытпай, уруш бүткөндө «Даңк» орденинин үчөөн катар тагынып келет (Жигитов). Турдубай мерген Калчаны жетелеп, Мусакожону артка калкалап, кызыл кыргынды окчун сак-сактоодо (Бейшеналиев).
к. КЫЗЫЛ КЫРГЫН
Ушул кызыл кыргын, кара сүргүндөн аман калган бул кишинин колдоочусу бар экен (Акматов). Дүйнөлүк алаамат болуп, өмүр менен өлүм айгышып жаткан кызыл кыргын, кара сүргүндү аралап өтсөң, бирок өлбөй тирүү чыксаң, анан а киши кантип адалдык менен арамдыкты билбей чыксын (Айтматов).
1. Абдан катуу урушуу, аябай салгылашуу. Кызыл кыргын, сары сүргүн болуп, эки уруу үч күн беттешти («Ала-Тоо»). 2. Абдан катуу уу-дуу болуу, аябай талашып-тартышуу. Сенин айыңдан атаң экөөбүз кызыл кыргын, сары сүргүн болуп калдык деди апам («Ала-Тоо»).
1. Абдан катуу урушуу, аябай салгылашуу. Кызыл кыргын, сары сүргүн болуп, эки уруу үч күн беттешти («Ала-Тоо»). 2. Абдан катуу уу-дуу болуу, аябай талашып-тартышуу. «Сенин айыңдан атаң экөөбүз кызыл кыргын, сары сүргүн болуп калдык» деди апам («Ала-Тоо»).
Бышыкчылык болуп, кырманга эгин толуп турган кез, кырман бастырып, эгин жыйнап алуунун кызуу учуру. Кызыл кырман маалы келди жаңырып, Эркек-аял эмгек нурун жамынып (Калык). Жакшы убак. Кызыл кырман, темин маалы Көңүлдү кубандырып жаңы даны (Осмонов).
1. Семиз малдын (көбүнчө жылкынын) кыйналуу, табынан жануу, дартка чалдыгуу, арыктоосуна карата айтылат. Үйүрдөгү айгыры кызыл май болгон (Осмоналиев). 2. Кыйналгандан каруусу кетүү, алсыроо, чарчоо, зоругуу. Чаржайыт чарпып күч качып, Кызыл май болдук, тер басып (Элебаев). Жөндөн-жөн эле далбастап, кара жаныңарды карч уруп, кыйналып, тоо коюнун бүтүндөй тинтип, кызыл май боло бербегиле (Мавлянов).
1. Семиз малдын (көбүнчө жылкынын) кыйналуу, табынан жануу, дартка чалдыгуу, арыктоосуна карата айтылат. Үйүрдөгү айгыры кызыл май болгон (Осмоналиев). 2. Кыйналгандан каруусу кетүү, алсыроо, чарчоо, зоругуу. Чаржайыт чарпып күч качып, Кызыл май болдук, тер басып (Элебаев). Жөндөн-жөн эле далбастап, кара жаныңарды карч уруп, кыйналып, тоо коюнун бүтүндөй тинтип, кызыл май боло бербегиле (Мавлянов). В.: Кызыл май кылуу. Кыпчактын Ак-Шыйрагын семизинде тер алдырып алып, кызыл май кылып алыптыр (Көчкөнов). Өзүңөрдү убара кылып, атыңарды кызыл май кылып... деп жасоолдорду аяган киши болду (Осмоналиев).
Катуу кыйналтуу, зоруктуруу. Кыпчактын Ак-Шыйрагын семизинде тер алдырып алып, кызыл май кылып алыптыр (Көчкөнов). Өзүңөрдү убара кылып, атыңарды кызыл май кылып... деп жасоолдорду аяган киши болду (Осмоналиев).
Шаар курууда аянт, көчө, магистраль, өткөөл аймактарын курулуш түшчү аймактан бөлүп туруучу шарттуу чек. Кызыл сызык курулуш ишинде коопсузудкту жана тартипти камсыз кылат.
тар. 1. Хандын белгиси катары өзгөчө тигилген баш кийим. Кыргызда ар элдин бир кызыл тебетейи бар деген сөз калетсиздей (Бейшеналиев). 2. Хан, бек. Булар кызыл тебетей болгон Казатты өлтүрүшкөн (Осмоналиев). Байымбет уулубуз азуусун айга жаныган чоң болушка, ыман, чоронун мүлдө кызыл тебетейлерине жакты (Бейшеналиев).
тар. 1. Хандын белгиси катары өзгөчө тигилген баш кийим. 2. өт. Хан, бек. Кыргызда ар элдин бир кызыл тебетейи бар деген сөз калетсиздей (Бейшеналиев). Булар кызыл тебетей болгон Казатты өлтүрүшкөн (Осмоналиев). Байымбет уулубуз азуусун айга жаныган чоң болушка, ыман, чоронун мүлдө кызыл тебетейлерине жакты (Бейшеналиев).
Чукугандай сөз тапкан, чечендиктин, мыкты ырдай билүүнүн, сүйлөй билүүнүн белгиси, символу катары колдонулат. Өнөр алды - кызыл тил (макал). Өзүнүн кызыл тилин кыябы менен безеп, сөз талашканда алдына жан салбайт (Нурпеисов). Жетимиштен ашканча, Кызыл тилиң безеди (Тоголок Молдо).
Чукугандай сөз тапкан, чечендиктин, мыкты ырдай билүүнүн, сүйлөй билүүнүн белгиси, символу катары колдонулат. Өнөр алды – кызыл тил (макал). Өзүнүн кызыл тилин кыябы менен безеп, сөз талашканда алдына жан салбайт (Нурпеисов). Жетимиштен ашканча, Кызыл тилин безеди (Тоголок Молдо).
к. КЫЗЫЛ КЕРЕГЕ КЫЛУУ
- Кана, батаңарды бергиле, мен азыр жигиттеримди баштап, букараны кызыл уук кыламын (Үмөталиев). Жер дүңгүрөткөн күчкө биригип, душманын кызыл уук кылып, катуудан казан калтырбады (Көчкөнов). «Биз кол көтөрбөсөк да, казан-аякты талкалап, үйдү астын-үстүн кылып, кызыл уук кылып кетишти!» деп, улукка чуркурап ыйлап арыздангыла! (Үмөталиев).
Талашып-тартышып, кызаңдашкан абалга жетүү, катуу урушуп калуу. Алар менен кызыл чеке болушпай, жөндүү мамиледе болуңуз (Егиналиев). Коомдук жерде кызыл чеке болуп, итче тытышып жатышса тим коймок беле, тиешелүү жерге алып барышты («Чалкан»). Бул шылдың Аскардын сай сөөгүн сыздатып, чатак кызыл чеке болуп мушташууга чейин ырбады (Исмаилов).
Талашып-тартышып, кызаңдашкан абалга жетүү, катуу урушуп калуу. Алар менен чеке болушпай, жөндүү мамиледе болүңуз (Егиналиев). Коомдук жерде кызыл чеке болуп, итче тытышып жатышса тим коймок беле, тиешелүү жерге алып барышты («Чалкан»). Бул шылдың Аскардын сай сөөгүн сыздатып, чатак кызыл чеке болуп мушташууга чейин ырбады (Исмаилов).
к. КЫЗЫЛ ЧИЕДЕЙ
Биринен бири кичине кызыл чие беш бала көздөрүн бажырайта, улам бири мурдун шуу тартып, ата айткан жомокту кулакка куюп отурушчу (Сыдыкбеков). Казак уук матап, кереге көктөп, адал эмгек менен кызыл чие балдарын ырыскысыз калтырчу эмес (Сыдыкбеков).
Кичинекей, өтө жаш, чөбүрөгөн майда, боорун жерден көтөрө элек. Ал азыр мына бул кызыл чиедей жаш балалуу, суру качкан аялды көргөндө зээни кейип кетти (Жантөшев). Эптеп алып кел, Садыке, кызыл чиедей жаш балдар турат (Бердикеев). Кызыл чиедей жетим калган биздин тагдырыбыз менен эсептешкилери келбейт экен да! («Кыргыз Туусу»). В.: Кызыл чие. Биринен бири кичине кызыл чие беш бала көздөрүн бажырайта, улам бири мурдун шуу тартып, ата айткан жомокту кулакка куюп отурушчу (Сыдыкбеков). Казак уук матап, кереге көктөп, адал эмгек менен кызыл чие балдарын ырыскысыз калтырчу эмес (Сыдыкбеков).
Кичинекей, өтө жаш, чөбүрөгөн майда, боорун жерден көтөрө элек балдар. Ал азыр мына бул кызыл чиедей жаш балалуу, суру качкан аялды көргөндө зээни кейип кетти (Жантөшев). Эптеп алып кел, Садыке, кызыл чиедей жаш балдар турат (Бердикеев). Кызыл чиедей жетим калган биздин тагдырыбыз менен эсептешкилери келбейт экен да! («Кыргыз Туусу»).
1. тар. Кытай кызматкери, атка минери. Кызыл чок, ак эшикчи, үйөздөрүм, Эл урган жаман эле мүнөздөрүң (Тоголок Молдо). 2. тар. Жергиликтүү башкаруу уюмдарынын чабарманы. Биз барганда кызыл чоктор бирөөнү ортого алып, өлөрчө тепкилеп жаңы тургузду (Элебаев). Келди да Мамбетти «аттан түшкүн» деди, «Кызыл чок деген мен бир күчмүн» деди (Турусбеков). Шертай мындай кызыл чоктон канча адамды сактап калбады (Бердикеев).
Азап, шор, кыйынчылык. Кызыл чиедей беш бала менен кызыл чоктун ичинде калдым («Кыргызстан маданияты»). Душманыңа калганда, Жалындуу кызыл чок элең (Барпы). Кызыл чоктун ичинде, Болбогонго бир күйөм (Барпы).
тар. Жергиликтүү башкаруу органдарынын чабарманы. Келди да Мамбетти «аттан түшкүн» деди, «Кызыл чок деген мен бир күчмүн» деди (Турусбеков). Шертай мындай кызыл чоктон канча адамды сактап калбады (Бердикеев).
Жаңы төрөлгөн баланы, айбандардын балдарынын жаңы туулган кездегисин, канаттуулардын балапандарынын жүнү чыга электигисин билдирүүдө колдонулат. Кантип ошо кудайдын жиберген алааматы кызынын мобу кызыл эт болуп турган күнөөсүз периштедей наристе балдарына келип тийсин (Абдукаимов). Кызыл эт кезинде эле комуз менен ушунчалык ынак болгон баланы башка кесипке бурууга болобу? (Каимов).
Жаңы төрөлгөн баланы, айбандардын балдарынын жаңы туулган кездегисин, канаттуулардын балапандарынын жүнү чыга электегисин билдирүүдө колдонулат. Кантип ошо кудайдын жиберген алааматы кызынын мобу кызыл эт болуп турган күнөөсүз периштедей наристе балдарына келип тийсин (Абдукаимов). Кызыл эт кезинде эле комуз менен ушунчалык ынак болгон баланы башка кесипке бурууга болобу? (Каимов).
Абдан карыган, карылыгы жеткен, оозунда тиши жок (кемпир-чалга карата). Токтогулдун айрым обон, күүлөрүн кызыл ээк болсо да, таңдана кагазга түшүрүптүр (Бейшеналиев).
Абдан карыган, карылыгы жеткен, оозунда тиши жок (кемпир-чалга карата). Токтогулдун айрым обон, күүлөрүн кызыл ээк болсо да, таңдана кагазга түшүрүптүр (Бейшеналиев). Кызыл ээк кемпир. Кызыл ээк абышка.